阿尔恰别克-玛纳斯史诗-诗序部分歌曲免费下载

《阿尔恰别克-玛纳斯史诗-诗序部分》歌曲详情

作词 : 阿尔恰别克

作曲 : 阿尔恰别克

编曲 : 阿尔恰别克

уламадан уккан сөз

уруктап өнүп чыккан сөз

улуулардан уланып

улам бирге жуккан сөз

аталардан калган сөз

ат көтөргүс балбан сөз

карылардан алган сөз

канча доор өцөда

кажыбаган балбан сөз

елүү жылда ел жаңы

жүз жылда болуп жер жаңы

бабалардан урпактап

биз екенбиз бер жагы

ошол күндөн бер карай

төккөн кумдай күн өттү

түгөнкүс ечен жыл өттү

деңыз солуп чөл болду

чөл козголуп көл болду

аты калып өзү жок

аргандай елдер жоголду

тоо бузулуп коо болду

саз козголуп тоо болду

калдайып турган кара жер

кайсы жеры соо болду

ошол күндөн ушул күн

ечен түрлүү ел өттү

алышкан жоосун жок кылган

ошо ааламда канча шер өттү

атабыз манас айкөл шер

кең алтайда туулган

ааламга аты угулган

кабары журтка даң болгон

алаа тоо алтай жерынде

атагы чыккан кан болгон

айың менен күнүңдүн

бир өзүнөн бүткөндөй

асман менен жерыңдин

тирөөсүнөн бүткөндөй

алтын менен күмүштүн

ширөөсүнөн бүткөндөй

алды калың кара жер

ошол жердигинен түткөндөй

кырык чоро курап ер кылган

телегейин тең кылган

аты жок келген чорого

аркар туяк жез былек

ат жакшысын минкизген

тону жок келген чорого

жакасы алтын жеңы жез

тон мыктысын кийкизген

үйү жок келген чорого

алты канат ак өргө

аземдеп жасап киргизген

кулалы таптап куш кылган

курама жыйып журт кылган

үзүлгөндү улаган

чачылганды жыйнаган

ак калпак кыргыз ел үчүн

айкөл манас атабыз

ошо аманат жанын кыйнаган

下载地址:

此为隐藏内容,需人机验证后查看下载!