Bakr/FREEMAN 996-11歌曲免费下载

《Bakr/FREEMAN 996-11》歌曲详情

作词 : Талантбек уулу Абдулла/Акылбек Абыканов

作曲 : Талантбек уулу Абдулла/Акылбек Абыканов

Түгөнүп баратам,

күндөрдү барактап.

Убактым агат,

дайрадай шарактап.

Болдум жарадар,

жүрөгүм жаракат.

Мен сага ыр арнадым,

11-кабатта.

Сен өзгөчөсүң, сен такыр башкачасың.

Алар сүйлөй берет, эмнеге башыңды оорутасың?

Кээде мени уялтасың, кайра менден уяласың.

Ортосунда жаздын,

сага саптарымды жаздым.

Сен өзгөчөсүң, сен такыр башкачасың.

Каректериң көрбөй калуудан Кудай сактасын.

Төкпөй-чачпай айтып берчи, эмнеге капасың мага?

Ортосунда жаздын,

сага саптарымды жаздым.

Бирок сага бара албадым,

сени баалай албадым окшойт.

Далай алдадым, эми кандай адаммын – билбейм.

Кайра бара албадым,

сени баалай албадым окшойт.

Далай алдадым, эми кандай адаммын – билбейм.

Түтүндү түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп,

түтүндү түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп, түтөтүп.

Түгөнүп баратам,

күндөрдү барактап.

Сезимди обонго,

түшүрүп, ыр жаратам.

Чоочунбуз бир заматта,

мен болсо адатта,

сагынып самадым го,

11-кабатта.Бир бөлмөлүү батирде, 11-кабатта,

туйлатып жүрөктү, турмушум баратат.

Көөдөнүм сага суусап, издеймин ар тараптан.

Илиястай Долондон кайрып алдым канатымды.

Сендеги керемет жалгыз сенде чандашат.

Негедир биздин сүйүү кетти окшойт адашып.

Чынын айтсам, сага бардык нерсе жарашат,

бирок түбөлүккө биз болбодук жанаша.

Түгөнүп баратам,

күндөрдү барактап.

Убактым агат,

дайрадай шарактап.

Болдум жарадар,

жүрөгүм жаракат.

Мен сага ыр арнадым,

11-кабатта.

下载地址:

此为隐藏内容,需人机验证后查看下载!