Сагынуу
аптору:сыяр кален
туулган жер турам жалгыз ай толгондо,
керемет болмок екен сен болгондо.
кып-кызыл жалбырактар бырден кулап,
бооруна басат өзүн жер тоңгондо.
өзүмчө туруп-туруп денем жылыйт,
мен сены коңур күздө ойлогондо.
караймын биз саначуу жылдыздарды,
көрдүңбү көк жеегынен бырөө акты.
шүүдүрүм кырпыгымен ылдый кулап,
ойготту кечөө түшкөн жалбыракты.
жарамды өзүм жамап, куйкум басып,
күтөмүн жалгыз чолпон калгычакты.
жетыген жылдыздар да жеты күндөй,
сагынам ар жеты күн уйкум келбей.
емнеге көктү карап турам жалгыз?
жолунан саманчынын сен келчүдөй.
бактылуу болуу деген жөп-жөнөкөй,
сендагы сүйгөн болсоң мен сүйгөндөй.

热门推荐| 1 | |
|---|---|
| 2 | |
| 3 | |
| 4 | |
| 5 | |
| 6 | |
| 7 | |
| 8 | |
| 9 | |
| 10 |