Токтобек Асаналиев-Кимге айтам歌曲免费下载

《Токтобек Асаналиев-Кимге айтам》歌曲详情

作词 : Аалы Токомбаев

作曲 : Абдылас Малдыбаев

Ойлодуң бекен, ой селки, ой селки

Ойготуп кеттиң түшүмдөн

Ойногон болуп эркелеп

Өпкөндөй болдуң жүзүмдөн

Оолактан көрүп сен мени

Окшоттуң бекен түшүңдө

Көзүмдү эле ачып карасам, карасам

Көрүнбөйт менин айланам

Көмүрдөй кара чачыңа

Көңүлүм менен байланам

Көпөлөк менмин, сен чырак

Көкөлөп сага айланам

Өкүнүп күндүз байкасам, байкасам

Өбөктөп жатам күн кайдан

Өксүтпөй бизди кошкун деп

Өтпөстөй күткөн күнгө айтам

Өчөшкөн жандай тил катпай

Өзүңдөн башка кимге айтам?

Өчөшкөн жандай тил катпай

Өзүңдөн башка кимге айтам?

下载地址:

此为隐藏内容,需人机验证后查看下载!